Бишкек менен Чүйдө бодо малды семиртүү менен алектенген фермерлерге жеңилдетилген насыялар берилет

18.03.2026 | 17:27

Чүй облусунда жана Бишкек шаарында эт кластерин өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоор башталат. Анын алкагында, бодо малды бордоп семиртүү менен алектенген фермерлерге жана агро ишкерлерге жеңилдетилген насыялар берилет. Бул тууралуу айыл чарба министри Эрлист Акунбеков билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим өлкөдө эттин баасын турукташтыруу макстаында кабыл алынган. Каржылоо “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” мамлекеттик банктары тарабынан жүргүзүлөт.

Мындан тышкары министр азык-түлүк бааларынын өсүшүн басаңдатуу жана ички рыноктун туруктуулугун камсыз кылуу максатында республиканын аймактарында дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкелери уюштурулуп жатканын кошумчалады.

Scroll to Top