Бир жылда акыйкатчыга сот отурумдарына арызданып, 800дөн ашык адам кайрылганДепутат Cool Bros тигуучу фабрикасы мыйзамсыз тартып алуу боюнча билдирүү жасадыБишкекте 600 гараждын ордуна 1 миң 200 орундуу жаңы мектеп курулуудаЖогорку Кеңеште депутаттардын сүйлөөлөрүн спикер менен макулдашуу талабы киргизилдиРуслан Суйналиев финансы министри болуп дайындалды. Президент кол койдуКыргызстан дүйнөгө баратат: заманбап тейлөө жаратуу менен өзгөчөлүктү кантип сактап калуу керек?
Ош шаарында 26 жаштагы эне төрт эм төрөдү
19.03.2026 | 09:33

12-мартта Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында төрт эм жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Ош облусунун Араван районунун 26 жаштагы тургуну кош бойлуулуктун 32-жумасында эрте төрөт коркунучу менен ооруканага түшкөн. Төрөт кесарево жолу менен ишке ашырылган. Бул эненин биринчи төрөтү болуп саналат.
Наристелердин үчөө кыз, бирөө уул. Алардын салмагы: кыз – 1830 г, уул – 1815 г, кыз – 1520 г, кыз – 1500 г.
Оорукананын директору Атабек Жумалиев билдиргендей, учурда эненин жана ымыркайлардын абалы канааттандырарлык. Аларды 23-март күнү ооруканадан чыгаруу пландалууда.