Быйыл Эгемендүүлүк күнү Талас облусунда белгиленет

24.03.2026 | 17:00

Быйыл Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгы Талас облусунда белгиленет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 24-мартта, өкмөт башчы Адылбек Касымалиев аталган иш-чараны өткөрүүгө даярдыктарды көрүү боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Анын жүрүшүндө Көз карандысыздык күнүнө карата ачыла турган объектилердин тизмеси жана майрамдык программанын концепциясы боюнча баяндамалар жасалды.

Адылбек Касымалиев мамлекеттик майрамды жыл сайын ар башка аймакта өткөрүү Президенттин аймактарды өнүктүрүү саясатынын алкагында салтка айланганын белгилеп, быйылкы майрамдык иш-чаралар жогорку уюшкандыкта өтүүгө тийиш экенин билдирди.

Жыйындын жыйынтыгында ал даярдык иштерин белгиленген мөөнөттө бүтүрүү жана ар бир деталды так иштеп чыгуу боюнча жетекчилерге конкреттүү тапшырмаларды берди.

Scroll to Top