Бишкек менен Ошто «Франкофония жазы – 2026» фестивалы өткөрүлөт

25-марттан 12-апрелге чейин Кыргызстанда «Франкофония жазы – 2026» фестивалы өтөт. Быйылкы иш-чара «Аялдар жана Франкофония» темасына арналган.
Иш-чара Бишкектеги Француз альянсы тарабынан Франциянын, Швейцариянын элчиликтери, Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү, Бельгия менен Румыниянын Казакстандагы элчиликтери жана 20га жакын жергиликтүү өнөктөштөрдүн катышуусунда уюштурулууда. Программа билим берүү, маданий жана оюн-зоок иш-чараларын камтыйт.
Фестивалдын негизги программасы:
- Ачылыш аземи: 25-мартта саат 18:30да Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда француз пианисти Кристина Фонлюпттун концерти өтөт. Кирүү акысыз билеттер аркылуу ишке ашат.
- Кинофестиваль: 7-апрелден 10-апрелге чейин «Ала-Тоо» кинотеатрында Швейцария, Франция, Бельгия жана Румыниянын тасмалары көрсөтүлөт. 7-апрелде швейцариялык «Бон шуур Тичино» тасмасынын бет ачары болот. Тасмалар түп нуска тилинде кыргыз, орус жана англис тилдериндеги субтитрлер менен коштолот.
- Спорт: 28-мартта Ош мамлекеттик университетинин базасында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын аялдар командаларынын катышуусунда регби боюнча эл аралык турнир өткөрүлөт.
- Конференция жана мода: 2-апрелде Улуттук тарых музейинде Мона Лиза тууралуу конференция, ал эми 4-апрелде Дизайнерлер союзунун мода көрсөтүүсү уюштурулат.
- Бий фестивалы: 12-апрелде «Groove Republic» эл аралык хип-хоп бий фестивалы өтөт.
- Жабылыш аземи: 12-апрелде саат 14:00дө Novotel мейманканасында сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болот.
Ош шаарындагы программа:
27–28-апрель күндөрү Ош шаарында Кристина Фонлюпттун концерти, швейцариялык тасманын көрсөтүүсү жана конференциялар уюштурулат.
Маалымат үчүн: Француз тили дүйнөдө таркалышы боюнча бешинчи, ал эми бизнес тили катары үчүнчү орунда турат. Бул тилде беш континентте 330 миллиондон ашык адам сүйлөйт. Эл аралык Франкофония уюмуна 88 мамлекет мүчө.