Баткенде кытайлык ишкана күн электр станциясын курат

25.03.2026 | 14:49

Кытайлык CECEP Solar Energy Co., Ltd. ишканасы Баткен облусунда «Ак-Татыр» күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашырууда. Бул тууралуу 25-мартта Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров аталган компаниянын өкүлдөрү менен жолугушкан учурда белгилүү болду.

Жолугушууда күн энергетикасы тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу, кайра жаралуучу энергия булактарынын объекттерин куруу жана пайдаланууга берүү маселелери талкууланды. Ошондой эле заманбап энергия үнөмдөөчү технологияларды киргизүү жана компаниянын Кыргызстандагы инвестициялык портфелин кеңейтүү маселелери каралды.

Равшанбек Сабиров кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү өлкөнүн энергетикалык туруктуулугун чыңдоодо маанилүү кадам экенин белгиледи. Тараптар кызматташуунун мүмкүн болгон форматтарын, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин жана инвестициялык келишимдерди карап чыгышты.

Компаниянын өкүлдөрү учурдагы долбоорду ишке ашырууга жана Кыргызстандагы инвестициялык ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө кызыкдар экенин ырасташты.

Scroll to Top