Кыргызстанда Жол кыймылына киргизүү институту иштей баштады

25.03.2026 | 15:58

Республикада жаңы мамлекеттик ишкана — «Жол кыймылына киргизүү институту» өз ишмердүүлүгүн баштады. Бул мекеме КР Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун алдында түзүлдү.

Ишкананын башкы милдети — айдоочуларды даярдоонун бирдиктүү жана ачык-айкын тутумун түзүү болуп саналат. Институт төмөнкү багыттарды көзөмөлдөйт:

  • автомектептердин жана адистештирилген автолабораториялардын ишин жөнгө салуу;
  • жарандарды транспорт каражатын башкарууга киргизүүдө объективдүүлүктү камсыздоо;
  • болочок айдоочуларды окутуунун сапатын жогорулатуу;
  • айдоочулук күбөлүктөрдү берүү тармагындагы коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу;
  • өлкө жолдорундагы жалпы коопсуздукту чыңдоо.

Институттун базасында жарандар окутуу жана күбөлүк алууга байланышкан бардык маселелер боюнча расмий маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү ала алышат. Мекеменин адистери курстарга катталуу тартиби, айдоочулукка талапкерлерге коюлган талаптар жана башкаруу укугун алуу тутумундагы актуалдуу өзгөрүүлөр сыяктуу темалар боюнча кеңеш беришет.

Байланыш маалыматтары:

  • Дареги: Бишкек ш., М. Горький көчөсү, 142.
  • Байланыш борборунун телефондору: +996 555 793 555, +996 555 146 555.
Scroll to Top