Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин пенсиялык камсыздоосун күчөтүү сунушталууда

25.03.2026 | 17:33

Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин пенсиялык камсыздоосун күчөтүү максатында мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда

Долбоордун демилгечилери аскердик кызмат өмүргө жана ден соолукка жогору тобокелдиктер менен байланыштуу экенин белгилешет. Ошондуктан аскер кызматкерлери кызматтан кеткенден кийин туруктуу колдоого ишениши керек.

Аскерлердин пенсиялык камсыздоосунун деңгээли күч түзүмдөрүнүн кадр менен камсыз болушуна жана өлкөнүн коопсуздугуна түздөн-түз таасир этет.

Мыйзам долбоорунда аскердик пенсияны жоголгон кирешенин ордун толтурган төлөм катары гана эмес, ден соолукка келтирилген зыян, кызматтагы тобокелдиктер жана чектөөлөр үчүн компенсация катары кароо керектиги айтылат.

Scroll to Top