Максым улуттук суусундугу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий суусундугу макамын алды

25.03.2026 | 18:57

Кыргыздын салттуу максым суусундугу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги суусундугу болуп расмий түрдө жарыяланды. Этноспорт жана маданият тармагындагы бул ири эл аралык иш-чара Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейинки аралыкта өтөт.

Оюндардын Эл аралык катчылыгынан белгилешкендей, улуттук сергитүүчү суусундукту тандоо иш-чарага даярдык көрүү алкагындагы мыйзам ченемдүү кадам болду. Байыркы рецепттердин негизинде жасалган бул продукт өлкөнүн таанымал гастрономиялык бренди болуп саналат жана көчмөндөрдүн маданиятын, каада-салтын, көп кылымдык жашоо образын толук чагылдырат.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ата-бабалардын мурасын сактоого жана маданияттар аралык диалогду чыңдоого багытталгандыктан, салттуу суусундуктун расмий макамда болушу долбоордун философиясын органикалык түрдө толуктайт.

Өнөктөштүктүн алкагында мелдештин катышуучуларын, чет элдик конокторду жана ыктыярчыларды сапаттуу улуттук суусундуктар менен камсыздоо пландалууда. Мындан тышкары, кыргыз маданий мурасын жана өзгөчөлүгүн эл аралык майданда даңазалоого багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу каралган.

Уюштуруучулар салттуу азыктарды колдонуу Оюндардын аныктыгын (аутентичность) арттырып, дүйнөнүн төрт бурчунан келген конокторго чөлкөмдүн тарыхы менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк берерине ишенишет.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары спортту, илимди жана маданиятты бириктирген дүйнөдөгү эң ири аянтчалардын бирине айланмакчы. Быйылкы Оюндарга 90дон ашык өлкөдөн делегациялардын катышуусу күтүлүүдө, бул болсо көчмөн цивилизациялардын каада-салтын сактоого болгон глобалдык кызыгууну тастыктайт.

Scroll to Top