«Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолунун курулушу: бүгүнкү күндө кандай иштер жасалууда

«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу долбоорунун алкагында курулуш аянттарында тоннелдерди казуу, жер иштери жана көпүрөлөрдү куруу иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата жалпысынан 3,5 млн куб метрден ашык жер казуу иштери бүткөрүлдү. Бул тууралуу айыл чарба министри Эрлист Акунбеков менен долбоорду ишке ашырып жаткан компаниянын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда маалымдалды.
Учурда темир жол курулушу боюнча негизги долбоордук материалдар даярдалып, чиймелерди тактоо жана макулдашуу процесстери жүрүүдө. Иштерге 5 миңден ашуун адам жана 5,6 миңден көп техника тартылган.
Эрлист Акунбеков долбоорду ишке ашырууда коопсуздук жана экологиялык талаптарды сактоо зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле кыргыз өкмөтү долбоорду ишке ашырууда координациялоо иштерин жана колдоо көрсөтүүнү камсыздай турганын кошумчалады.