Ошто туристтик сезон расмий түрдө ачылды

26.03.2026 | 17:49

Бүгүн, 26-мартта, Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» музей комплексинде туристтик сезондун расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.

Ачылыш аземине бийликөкүлдөрү, Орусиянын, Казакстандын жана Өзбекстандын Оштогу консулдуктарынын кызматкерлери, жергиликтүү тургундар катышты. Иш-чарага ошондой эле коомдук уюмдардын, туроператорлордун өкүлдөрү, кол өнөрчүлөр жана туристтер чакырылган.

Сезондун ачылышынын алкагында улуттук тамак-аш көргөзмөсү, кол өнөрчүлүк, сүрөт жана сувенирлер жарманкеси уюштурулду. Катышуучуларга жаңы туристтик сезонго карата киргизилген жаңылыктардын презентациясы тааныштырылды.

Мындан тышкары, Сулайман-Тоонун тарыхый-маданий эстеликтерине экскурсиялар уюштурулуп, иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Scroll to Top