Кытайлык компания Кыргызстанда дрон чыгаруучу завод курууну пландоодо

27.03.2026 | 11:49

Кытайдын «Цюаньибао» (Ханчжоу) маалыматтык технологиялар компаниясы Кыргызстанда учкучсуз учуучу аппарат (дрон) чыгаруучу завод куруу долбоорун пландоодо. Ошондой эле компания Айыл чарба министрлигине кайтарымсыз негизде 12 даана учкучсуз учуучу аппарат (дрон) берди.

Мекеменин маалыматында, бул жабдуулар айыл чарбасында өсүмдүктөрдү коргоо, жерлерге мониторинг жүргүзүү жана жасалма жол менен жаан-чачын чакыруу иш-чараларында колдонулат.

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков аталган кытайлык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда тараптар адистерди окутуу жана квалификациясын жогорулатуу үчүн атайын окуу борборун түзүү мүмкүнчүлүгүн карашты.

Scroll to Top