«Манас» эл аралык аэропортуна жаңы унаа жол курулат

27.03.2026 | 14:22

«Манас» эл аралык аэропортуна алып баруучу жаңы унаа жол курулат. «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов менен Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жолдун курулушунун этаптарын талкуулашты.

Долбоорго ылайык, жолдун узундугу 1,6 чакырымды түзөт. Жаңы трасса Бишкек – «Манас» аэропорту магистралынын түштүк тарабынан өтөт. Мраморное айылына бурулган тилкеде автоунаалардын кириши үчүн айланма кыймыл уюштурулат.

Кирүүчү жол эки тилкеден башталып, автоматтык төлөм шлагбаумдары орнотулган зонада сегиз тилкеге чейин кеңейтилет. Андан соң кайра эки тилкеге чейин тарып, көп деңгээлдүү токтотмонун имаратына чейин барат. Чыгуучу жол эки тилкелүү болуп, төлөм жүргүзүүчү аймакка жеткенде алты тилкеге чейин кеңейет.

Кирүү жана чыгуу жолдорунун ортосунда жашылдандыруу иштери каралган. Жаңы жол транспорттук өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана автоматташтырылган төлөм системасын киргизүүгө багытталган.

Курулуш аяктагандан кийин иштеп жаткан эски жол «Манас-2» аэровокзалдык комплексине баруучу расмий делегацияларды жана өкмөттүк кортеждерди тейлөө үчүн гана пайдаланылат.

Scroll to Top