Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салды

28.03.2026 | 15:04

Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы спорттук мелдештердин категорияларына трансгендерлерди киргизбөө тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу уюмдун расмий билдирүүсүндө айтылат.

Жаңы эрежелерге ылайык, Олимп оюндарында жана комитет тарабынан уюштурулган башка бардык жеке жана командалык мелдештерде аялдар категориясында биологиялык аялдар гана чыга алышат. Спортчунун жынысы SRY (Sex-determining Region Y) генине жүргүзүлгөн бир жолку тесттин негизинде аныкталат. Бул гендин болушу спортчунун эркек катары жыныстык өнүгүүдөн өткөндүгүнүн далили болуп эсептелет.

Тестирлөө шилекей же кандын үлгүсүн алуу аркылуу жүргүзүлөт. Эгерде тесттин жыйынтыгы терс чыкса, спортчу аялдар арасындагы мелдештерге катышуу укугун өмүр бою сактап калат. Тесттин жыйынтыгы оң чыккан спортчулар эркектер арасындагы, аралаш же жыныстык белгиси боюнча классификацияланбаган категорияларда катыша алышат.

Бул тартип 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган Олимпиада оюндарынан баштап колдонулат. Жаңы эрежелер профессионалдык эмес, массалык жана көңүл ачуучу иш-чараларга жайылтылбайт.

Scroll to Top