«Алтын-Булак» санаторийи жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды

30.03.2026 | 15:43

Ак-Суу районундагы «Алтын-Булак» санаторийи мамлекеттик менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.

Райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 1993-жылы 2 гектар жер аянтында жайгашкан 4 корпустуу санаторий мыйзам бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталган. Мындан тышкары 2021-жылы Каракол айыл аймагындагы 0,51 гектар жер тилкеси жеке жактарга өткөнү аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде базар баасы 71,6 млн сомду түзгөн санаторий жана 3,43 млн сомдук жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылган.

Scroll to Top