КР Коопсуздук кеңешинин катчысы жана Венгриянын премьеринин кеңешчиси глобалдык коопсуздук маселелери боюнча позицияларын такташты

30.03.2026 | 18:11

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков 27-мартта Венгриянын премьер-министринин улуттук коопсуздук маселелери боюнча башкы кеңешчиси Марсель Биро менен жолугушту. Сүйлөшүүлөр Венгриянын борбор калаасында өттү, деп билдирет КР Президентинин басма сөз кызматы.

Тараптардын көңүл борборунда жаңы дүйнөлүк тартипти калыптандыруу жана заманбап чакырыктарга каршы туруу маселелери турду. Атап айтканда, катышуучулар терроризмге, экстремизмге жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү темаларын козгошуп, ошондой эле киберкоопсуздук жана мыйзамсыз миграция көйгөйлөрүнө токтолушту.

Адилет Орозбеков дүйнөдөгү азыркы кырдаал жана учурдагы чыр-чатактар мамлекеттер аралык күч-аракеттерди бириктирүү зарылдыгын шарттап жатканын баса белгиледи. Анын пикиринде, БУУнун Уставын жана эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдерин так сактоо менен аймактык туруктуулукту камсыздоо жана тынчтыкты сактоо үчүн тыгыз интеграция маанилүү.

Жолугушуу кеңейтилген форматта өттү: диалогго Казакстандын, Өзбекстандын, Түркиянын жана Азербайжандын өз өлкөлөрүнүн тышкы саясат жана коопсуздук маселелерин көзөмөлдөгөн жогорку даражалуу кызмат адамдары кошулушту.

Scroll to Top