«Баатыр эне» энелеринин балдарына окуу боюнча жеңилдиктер. ЖК комитети мыйзам долбоорун жактырды

30.03.2026 | 19:56

Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүү жеңилдигин берүү тууралуу токтом долбоорун жактырды.

Долбоордун демилгечилери — бир топ депутаттар. Документке ылайык, жогорку окуу жайларында менчигинин түрүнө карабастан контракттык негизде окуу үчүн 50 пайыздык жеңилдик берүү сунушталууда.

Талкуу учурунда финансы министринин орун басары Улугбек Календеров бул демилгени ишке ашыруу республикалык бюджетке жүк түшүрбөө үчүн гранттык каражаттардын эсебинен гана мүмкүн экенин белгиледи.

Депутаттар демилгенин социалдык маанисин белгилеп, каржылоо механизмин тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте дагы иштеп чыгуу зарылдыгын айтышты.

Scroll to Top