АКШ Ирандын энергетикасын жок кылуу менен коркутууда — Трамп дагы эмнелерди айтты

31.03.2026 | 10:18

АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен тынчтык келишимине жакынкы аралыкта жетишилүүсү мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

«Олуттуу ийгиликтерге жетишилди, бирок кандайдыр бир себептерден улам жакынкы аралыкта келишим түзүлбөсө (ал эми бул болушу толук ыктымал) жана эгерде Ормуз кысыгы бизнес үчүн дароо ачылбаса, биз Ирандагы эң сонун болуубузду алардын бардык электр станцияларын, мунай скважиналарын жана Харг аралын жардыруу жана толугу менен талкалоо аркылуу аяктайбыз», – деп жазат ал.

Ак үйдүн башчысы ошондой эле АКШ Иран мунайын экспорттоонун негизги борбору болгон Харк аралына көзөмөл орнотууга аракет кылуу ыктымалдыгын да четке каккан жок.

Алсак, Financial Times гезитине маек куруп жатып, Трамп Венесуэланын сценарийи боюнча Ирандын мунай ресурстарын өз көзөмөлүнө алгысы келерин билдирген.

«Чынын айтсам, баарынан да Ирандын мунайын тартып алгым келет, бирок АКШдагы кээ бир акмак адамдар: “Муну эмне үчүн кылып жатасың?” – дешет. Бирок алар акмак адамдар», — деди ал.

Трамп АКШ “кара алтынды” экспорттоонун ирандык башкы борбору болгон Харк аралын басып алуу аракеттерин көрүшү мүмкүн экенин да жокко чыгарган жок.

Эскерте кетсек, буга чейин Ак үйдүн администрациясы Иранга карата «максималдуу басым жасоо» стратегиясын сүрөп, анын максаты согуш эмес, тескерисинче, Ирандын өзөктүк программасын жана ракеталык ишмердүүлүгүн чектей турган, ошондой эле аймактык коопсуздукка жана жарандардын укуктарына кепилдик бере турган жаңы, алда канча ар тараптуу келишимди түзүү экендигин билдирген.

Иран, АКШ жана Израилдин ортосундагы жаңжалдын курчуп жатканына бир айга чукулдады. Тараптар бири-бирине сокку урууну улантууда, ал эми түзүлгөн кырдаал араб өлкөлөрүнөн мунай жана СЖГ (суюлтулган жаратылыш газы) ташылган негизги каттам — Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин жүрүшүн дээрлик толугу менен токтотту.

Scroll to Top