ШКУ эксперттери Бишкекте аскердик кызматташтыкты чыңдоо маселесин талкуулашты

31.03.2026 | 11:10

2026-жылдын 30-мартында Бишкекте кыргыз тараптын төрагалыгы астында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмесинин механизминин алкагында эксперттик жумушчу топтун жыйыны өттү.

Талкууга катышуучу өлкөлөрдүн тармактык ведомстволорунун, ошондой эле уюмдун Катчылыгынын өкүлдөрү катышты. Тараптар аскердик чөйрөдөгү өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү, практикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана аймактык коопсуздукту камсыздоого багытталган координациялык механизмдерди өркүндөтүү маселелери боюнча пикир алышты.

Талкуунун өзүнчө бөлүгү 2026-жылга карата биргелешкен иш-чараларды пландаштырууга, анын ичинде ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо министрлеринин алдыдагы кеңешмесине даярдык көрүүгө арналды.

Scroll to Top