Баткен жана Фергана облустары соода-экономикалык, илимий-техникалык тармактарда кызматташат

Кыргызстандын Баткен облусу менен Өзбекстандын Фергана облусунун ортосунда кызматташуу боюнча макулдашууларга кол коюлду. Документ соода-экономикалык, илимий-техникалык, социалдык, маданий жана гуманитардык тармактарды камтыйт. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Фергана облусу менен Баткен жана Кадамжай райондорунун, ошондой эле Кызыл-Кыя шаарынын ортосунда түзүлгөн макулдашууларга ылайык, тараптар төмөнкү багыттарда иш алып барышат:
- ишкерлер үчүн шарттарды түзүү;
- айыл чарба тармагында кызматташуу жана тажрыйба алмашуу;
- инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу;
- билим берүү жана туризм тармактарында өз ара аракеттенүү.
Документтерге Баткен облусунун башчысынын орун басары Жаныбек Исаков, Фергана облусунун башчысынын орун басары Хуршед Ахмедов, Баткен районунун акиминин биринчи орун басары Алимбек Матмуратов, Кадамжай районунун акиминин орун басары Мирлан Айтматов жана Кызыл-Кыя шаарынын мэринин орун басары Иляз Бабаев кол коюшту.