ЖКда Бишкек мэриясын УАМС баатырлары тууралуу маалыматтык стенддерди иретке келтирүүгө чакырышты
Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара Акимбаева пленардык жыйындын жүрүшүндө Бишкек мэриясын Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары тууралуу маалыматтык стенддерди иретке келтирүүгө чакырды.
Анын айтымында, 9-майда Кыргызстан жана бүткүл дүйнө Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 81 жылдыгын белгилейт.
«Бул датага даярдык көрүү – курман болгон баатырлардын жаркын элесинин алдындагы биздин ыйык милдетибиз. Бирок, социалдык тармактарда жарыяланып, талкуу жараткан видеоматериалдарга таянсак, шаардын борборундагы маалыматтык стенддер талапка жооп бербеген абалда. Тактап айтканда, Эркиндик гүлбагындагы Баатырлар аллеясындагы жана “Ала-Тоо” кинотеатрынын жанындагы стенддер. Боёктору көчүп, конструкциялары эскирип, ички жасалгалары бузулган», – деп нааразы болду эл өкүлү.
Акимбаева белгилегендей, Конституцияга ылайык, мамлекет Кыргызстан элинин тарыхый, материалдык жана руханий мурастарын сактоого милдеттүү.
«Бирок аталган объекттердин учурдагы абалы тынчсызданууну жаратат. Шаардыктардын демилгелүү тобу бул объекттерди калыбына келтирүү маселесин көтөрүп чыгышкан, бирок Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү кызматтары тарабынан эч кандай жооп болгон жок», – деп баса белгиледи ал.
Ушуга байланыштуу, алардын эрдиктерине болгон урмат-сыйдын символу саналган жана муундар байланышын камсыз кылган согуш баатырларынын маалыматтык стенддерин тиешелүү калыпка келтирүү боюнча чараларды көрүүнү суранам, – деп кошумчалады Акимбаева.