Депутат Дастан Бекешев ОРТ баасынын жогорулашын сынга алды
Анын айтымында, үч–төрт жума мурда ал тесттин баасы 470 сом экенин айтып, аны мектеп окуучулары үчүн республикалык бюджеттен каржылап, акысыз кылууну сунуштаган.
«Мен чыгымдарды республикалык бюджетке өткөрүп, балдарды акысыз тестирлөө менен камсыздоону сурангам. Бул адилеттүү жана көп өлкөлөрдө ушундай эле жасалат», — деди ал.
Бирок депутат белгилегендей, бааны төмөндөтүүнүн ордуна тескерисинче жогорулатышкан. Эми кошумча предмет тапшыруу 500 сом турат.
Бекешев мындай чечим эмне үчүн кабыл алынганына суроо салды.
«Бул эмне үчүн жасалды? Жок дегенде кандай негиздеме, эсеп-кысап менен алынганын айтып бергиле», — деди ал.
Ошондой эле депутат Билим берүү министрлиги менен Финансы министрлиги тестирлөөнүн чыгымдарын республикалык бюджетке өткөрүү мүмкүнчүлүгүн эмнеге карашпай жатканын сурады.