Кыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде алтын медаль тагындыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза таптыСадыр Жапаров «Дастан» заводунда дрондорду өндүрүүнү ишке киргизүүнү тапшырдыКазакстанда Борбордук Азиядагы эң ири шамал электр станциясынын курулушу башталдыБишкек мэриясы шаарга 625 кичи автобус сатып алууну көздөөдө
Бишкекте милиция кызматкери алдамчылыкка шектелип кармалды
03.04.2026 | 14:16

Бишкектин Октябрь райондук милициясынын ыкчам кызматкери кызматтык абалынан пайдаланып, алдамчылык кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, милициянын лейтенанты М.Н.М. жабырлануучуга материалдык чыгымды төлөп берүү шылтоосу менен «М Банк» электрондук капчыгы аркылуу шектүүнүн 37 миң сом акча каражатын ээлеп алганы аныкталган. Ал кылмыштын изин жашыруу үчүн каражатты адегенде таанышына котортуп, андан кийин өзүнүн жеке эсебине которуп берүүнү суранган.
Учурда шектүү КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чаралары улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар