Бишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайы
ЖАМКтын (Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы) Кайтаруу жана конвой департаментинин аскер кызматчысы бассейнге чөгүп бараткан алты жашар кызды сактап калды. Окуянын чоо-жайы менен мекеменин басма сөз кызматы Reporter.kg сайтына бөлүштү.
Маалыматка ылайык, подполковник Улан Ажыматов үй-бүлөсү менен эс алып жүргөн учурда бассейнге чөгүп бараткан баланы байкап калган. Ал дароо жардамга шашылып, кызды суунун түбүнөн алып чыккан жана дарыгерлер келгенге чейин алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, эс-учун жоготкон баланы эсине келтирген.
Өз убагында көрүлгөн аракеттердин аркасында кыздын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгону белгиленет.
Алты жашар Айыманын ата-энеси офицерге жана анын жубайына ыраазычылык билдирип, эстелик белектерин тапшырышты. Ошондой эле алар ыраазычылык билдирүү үчүн департаменттин жетекчилиги менен да жолугушту.
Мекемеден мындай окуялар аскер кызматчыларынын ыкчам аракет көрүүгө жана кандай шарт болбосун жардам көрсөтүүгө даяр экендигин айкын көрсөтөрүн баса белгилешти.