Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштар
Бишкекте жоокерлердин жана офицерлердин ысымдарынан тышкары, Улуу Ата Мекендик согуштун эң айыгышкан салгылашуулары болгон жерлердин элеси да түбөлүккө калтырылган. Советтик он эки шаар «Баатыр шаар» наамына ээ болгон, алардын айрымдарынын аталыштарын кыргыз борборунун картасынан азыр да кезиктирүүгө болот, ал эми айрымдары өчүп кеткен. Долбоордун корутунду бөлүгүндө — баатыр шаарлар жана топонимика доорлордун алмашуусун кандайча чагылдырары тууралуу сөз болот.

Туура борбордо, бири-биринен бир квартал алыстыкта эки параллель көчө — Москва жана Киев көчөлөрү өтөт. Бул топонимдердин аталышын бир нече ирет өзгөртүүгө аракет кылышкан. Мисалы, 2018-жылы парламентте Москва көчөсүнө Кыргызстан Коммунисттик партиясынын БКсынын биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин, ал эми Киев көчөсүнө кыргыз жана дүйнөлүк адабияттын классиги Чыңгыз Айтматовдун ысымын берүү сунушу айтылган. Бирок бул демилгелер ал кезде кеңири колдоого ээ болгон эмес.
Шаардын ар кайсы булуң-бурчтарында башка «географиялык» аталыштар да чачырап кеткен. Түндүк-батышта Брест жана Мурманск көчөлөрүн, чыгышта чакан Тула жана Минск көчөлөрүн, ошондой эле Керчь кыска көчөсүн табууга болот. Түштүк-батыштагы Жумушчу шаарчасында Смоленск жана Одесса кыска көчөлөрү жана жупуну Севастополь көчөсү орун алган. Мунун баары душманга эң катуу каршылык көрсөткөн шаарларга: Москва, Ленинград, Севастополь, Одесса, Сталинград, Киев, Новороссийск, Керчь, Минск, Тула, Смоленск, Мурманск шаарларына жана Брест чебине болгон таазим.
Фрунзеде Сталинград көчөсү да болгон, бирок алтымышынчы жылдары анын аты Коммунисттик болуп өзгөртүлгөн. Бүгүнкү күндө Бишкектин картасында ал 1970–1980-жылдардагы партиялык ишмер Октябрь Медеровдун атындагы көчө катары белгилүү. Кантсе да, Волга боюндагы шаар биротоло унутулган жок: шаардын чыгыш тарабында Волгоград көчөсү бар. Ал эми Ленинград көчөсү картадан толугу менен жок болду. СССР таркагандан кийин ага кыргыз совет адабиятынын негиздөөчүлөрүнүн бири Касымалы Баялиновдун ысымы берилген. Ал согуш жылдарында журналдардын башкы редактору болуп, жоокерлердин эрдигин даңазалап, «сөз менен согушкан». Бишкекте Новороссийск көчөсү эч качан болгон эмес.
Борбордун картасынан символикалык маанидеги Тынчтык проспектиси (проспект Мира) да жоголду. 2015-жылы Бишкек шаардык кеңеши дал ушул проспектиге Чыңгыз Айтматовдун ысымын берген. Бирок Көлмө конушунда Тынчтык көчөсү сакталып калган.
Ошентип, бүгүнкү күндө Бишкектин картасы Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу советтик эс тутумдун катмарына улуттук тарых жөнүндөгү заманбап көз караштарды чагылдырган жаңы ысымдар түшүрүлгөн татаал палимпсестти элестетет. Бул процесс оңой эмес жана Жаш Гвардия проспектисиндегидей эле көп учурда коомдук талкууларды жаратат. Бул болсо көчөлөргө кимдин ысымын берүү маселеси шаар үчүн өтө сезимтал бойдон калып жатканын көрсөтүп турат.
Елена Короткова


