Баткенде алимент төлөөдөн качкан жаран 2 жылга эркинен ажыратылдыБарскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдүБаткенде аскер кызматкери оор жаракат алды: депутат шашылыш жардам көрсөтүүнү сурандыКыргызстанда жарандарды каттоо эрежелерин жөнөкөйлөтүү сунушталдыБишкекте ат минип эс алуу: 5 метр алыстык жана кенеге каршы спрейТүркиядагы эл аралык турнирде кыргызстандык мушкерлер эки алтын, бир күмүш медаль жеңишти
Бишкекте Улуттук филармониянын алдындагы фонтандар жаңыланат
06.04.2026 | 14:50

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы фонтандар жаңыланат. Бишкек мэриясынын маалыматында, учурда демонтаждоо иштери башталды.
Демонтаждоо иштери аяктагандан кийин реконструкциялоонун негизги этабы башталат. Долбоордун алкагында конструктивдик элементтер жаңыланып, инженердик системалар модернизацияланат. Ошондой эле объекттин айланасындагы аймак көрктөндүрүлөт.
Мэрия аталган фонтан комплекси акыркы жолу 2002-жылы капиталдык оңдоодон өткөнүн билдирди. Иштердин жүрүшүндө бардык инженердик тармактар толугу менен алмаштырылат.
Долбоордун максаты — борбор калаанын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу жана жарандар үчүн коомдук мейкиндик түзүү болуп саналат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом