Түркиядагы эл аралык турнирде кыргызстандык мушкерлер эки алтын, бир күмүш медаль жеңишти

Кыргызстандык мушкерлер бокс боюнча «Ahmet Cömert Bosphorus International Boxing Tournament» аттуу 34-эл аралык мелдеште эки алтын жана бир күмүш медаль багындырышты. Мелдештер 29-марттан 5-апрелге чейин Түркиянын Стамбул шаарында өттү.
Мунарбек Сейитбек уулу 60 кг чейинки салмак категориясында мелдешке катышып, алтын жеңди. Ал финалга чейинки баскычтарда Өзбекстандын, Австралиянын жана Германиянын өкүлдөрүн жеңген. Финалдык беттеште Украинанын мушкери Иван Завадскийди 5:0 эсебинде утту.
Ихтияр Нишонов 70 кг чейинки салмак чен бирдигинде алтын медаль алды. Ал мелдештин 1/8 финалдык баскычынан баштап Азербайжан, Түркия жана Германиянын спортчуларын жеңген. Финалда австралиялык Уильям Млачичти утуп, турнирдин чемпиону болду.
Зафарбек Камилов 55 кг чейинки салмакта күмүш медалдын ээси болду. Ал финалга чейинки беттештерде Түркиянын эки өкүлүн жеңген. Чечүүчү таймашта түркиялык Семин Кумуш менен кез келип, бирок колунан алган жаракатына байланыштуу беттешти токтотууга мажбур болду.
Ахмет Комерт атындагы бул турнир жыл сайын өткөрүлүп, быйылкы сезондун негизги мелдештерине даярдык көрүүнүн алкагында уюштурулган.