Барскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдү

06.04.2026 | 17:31

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Барскоон – Бедел автомобиль жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция» мекемеси түзүлдү. Министрлер кабинетинин тескемесине ылайык, мекеменин башкы директору болуп Акылбек Мусабаев дайындалды.

Транспорт министрлигинин маалыматында, жаңы түзүлгөн дирекция Барскоон – Бедел жолун куруу долбоорун ишке ашырууну уюштуруучу жана координациялоочу орган болуп саналат. Мекеме долбоорду жалпы башкаруу, каржылык каражаттардын пайдаланылышын камсыз кылуу, ошондой эле социалдык, экологиялык жана техникалык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө милдеттерин аткарат.

Барскоон – Бедел унаа жолунун узундугу болжол менен 150 чакырымды түзөт. Бул жол Ысык-Көл облусунун Барскоон айылын Кытай менен чектешкен «Бедел» көзөмөл-өткөрмө пункту менен байланыштырат. Долбоордун алкагында 2 тоннель, 30дан ашык көпүрө жана инженердик курулмаларды куруу каралган.

Курулуш иштери 2025-жылдын 26-августунда башталган. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 5 жылды түзөт. План боюнча негизги курулуш иштери 2029-жылы аяктап, 2030-жылы жол толук пайдаланууга берилет.

Scroll to Top