Кыргызстандын аймагында 25-апрель саат 10:00гө карата дагы 9 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифингде билдирди.
СOVID-19 инфекциясынын жаңы жуктургандар төмөнкү аймактардан катталды: Бишкек ш. – 4, Ош ш. – 4, Чуй облусу – 1.
Кыргызстанда коронавирус жуктургандар жалпы саны 665ге жетти.