Жогорку Кеңешке медициналык билим берүүдө талап кылынбаган сөөктөрдү колдонуу боюнча долбоор киргизилди
Жогорку Кеңешке билим берүү жана илимий максаттарда талап кылынбаган сөөктөрдү колдонууну караган «Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору сунушталды. Документ парламенттин сайтына жайгаштырылды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси — депутат Жылдыз Садырбаева.
Мыйзам долбоору билим берүүдө жана илимде талап кылынбаган сөөктөрдү колдонуунун так эрежелерин карайт, аларды медициналык мекемелерден окуу жана илимий уюмдарга өткөрүп берүү, эсепке алуу, колдонуу жана кийин жерге берүү тартибин аныктайт.
Ошондой эле мыйзамда «талап кылынбаган өлүк (сөөк)» түшүнүгү киргизилүүдө — бул зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн белгилери жок, өздүгү такталган жана өлүмүнүн себеби союп текшерүү (аутопсия) менен тастыкталган, бирок андан кийин 30 күндүн ичинде жубайы, туугандары же сөөктү жерге берүүгө жооптуу башка адамдар тарабынан алынып кетилбеген маркумдун сөөгү.
Долбоордун демилгечиси бул Кыргызстанда медициналык билим берүүнү жана илимди жакшыртууга жардам берет деп эсептейт. Ошондой эле ал медициналык окуу жайлардын студенттерин окутууда жана илимий изилдөөлөрдө талап кылынбаган сөөктөрдү колдонуу боюнча укуктук базаны түзүүнү карайт жана болочок дарыгерлердин, анын ичинде хирургдардын, патологоанатомдордун жана соттук-медициналык эксперттердин практикалык даярдык деңгээлин жогорулатат.
«Окуу процессинде анатомиялык материалга жетиштүү деңгээлде жеткиликтин жоктугу медициналык билимдин сапатынын төмөндөшүнө жана натыйжада чала даярдалган адистердин чыгышына алып келет, бул калкка көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын деңгээлине түздөн-түз таасирин тийгизет», – деп эсептейт документтин автору.
Алсак, сөөктү жазуу жүзүндөгү суроо-талаптын негизинде жана ички иштер органдарынын уруксаты менен гана өткөрүп берүү сунушталууда. Ал милициянын, медициналык мекемелердин өкүлдөрүнүн жана соттук-медициналык эксперттердин катышуусундагы комиссия аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш.
Төмөнкү жагдайларда сөөктү өткөрүп берүүгө тыюу салынат:
• зордук-зомбулук менен өлүмдүн белгилери болсо;
• маркумдун өздүгү такталбаса;
• Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары алып чыгуу каралса.
Дагы кандай өзгөртүүлөр сунушталууда:
• талап кылынбаган сөөктөрдү, алардын органдарын жана ткандарын колдонуу мөөнөтү 10 жылдан ашпоого тийиш, андан кийин калдыктар милдеттүү түрдө жерге берилиши керек;
• маркумдун туугандары же мыйзамдуу өкүлдөрү кайрылган учурда, илимий жана медициналык уюмдар 3 жумушчу күндүн ичинде сөөктү, анын органдарын жана ткандарын колдонууну токтотууга жана өз эсебинен жерге берүүнү (көмүүнү) камсыз кылууга милдеттүү;
• илимий жана медициналык уюмдарды анатомиялык материалдын келип түшүшү, колдонулушу жана жерге берилиши жөнүндө маалыматтарды камтыган талап кылынбаган сөөктөрдүн реестрин жүргүзүүгө милдеттендирүү;
• илимий жана медициналык уюмдарды сөөктөрдү, алардын органдарын жана ткандарын мыйзамдарга, санитардык нормаларга жана медициналык этиканын принциптерине ылайык колдонууга милдеттендирүү;
• талап кылынбаган сөөктөрдү алуу, ташуу, сактоо, колдонуу жана жерге берүү боюнча бардык чыгымдарды аларды алган уюм көтөрөт;
• талап кылынбаган сөөктөрдү өткөрүп берүү жана колдонуу тартиби, ошондой эле аларды эсепке алуу жана уруксат берүү Министрлер кабинети тарабынан аныкталат.