Чет элдик инвесторлор Кыргызстанда дары-дармек чыгаруучу завод курууну пландоодо. Инвестициянын көлөмү – 25 млн доллар

Бүгүн, 9-апрелде, өкмөт башчы Адылбек Касымалиев чет элдик инвесторлор менен жолугуп, Кыргызстанда дары-дармек чыгаруучу завод куруу маселесин талкуулады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууга Кытайдын EHD, «Циньхуандао Тайчжи Медикал Текнолоджи Компани Лимитед» жана Польшанын «LEKAM» компанияларынын өкүлдөрү катышкан.
Анда катуу пероралдык формаларды, суюк дары формаларын, майларды жана стерилдүү препараттарды чыгаруучу фармацевтикалык комплекс куруу маселеси каралды. Долбоорду Майлуу-Суу лампа заводунун аймагында ишке ашыруу пландаштырылууда.
Маалыматка ылайык, инвестициянын көлөмү 25 млн долларды түзөт. Ишкананын ишке кириши 800 жумушчу орун түзүүгө мүмкүндүк берет.
Адылбек Касымалиев бул долбоорду ишке ашырууга мамлекеттик органдар тарабынан колдоо көрсөтүлөрүн жана мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экендигин билдирди.