2026-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумарына кандай ысым берилгени белгилүү болду
2026-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (ДКО) тумары болгон ак илбирске Батай деген ысым берилди. Бул тууралуу ДКОнун Эл аралык катчылыгынан билдиришти.
Алардын маалыматына караганда, Батай деген ысым эки күчтүү негизди: күчтү жана таянычты — түпкү тегине урмат көрсөтүү менен алдыга умтулууну бириктирет.
«”Ба” — “барс” (илбирс) сөзүнөн алынган, бул күч, эркиндик жана ички кубат, ал эми “тай” — “таяныч” сөзүнүн кыскартылганы. Бул ички өзөк, тең салмактуулук жана тамыры менен болгон байланыш жөнүндө», — деп түшүндүрүштү катчылыктан.
Эске салсак, буга чейин ДКОнун расмий тумары пайда болгону, ал Кыргызстандын эң таанымал символдорунун бири — ак илбирс экени маалымдалган.
Тумар Кыргызстанда өтө турган жана ар кайсы өлкөлөрдөн келген катышуучулардын башын бириктире турган 2026-жылкы Оюндарга даярдык көрүүнүн алкагында тааныштырылган.
Ак илбирстин бекеринен тандалбаганы белгиленген. Бул образ өлкөнүн жаратылышы, анын ландшафты, мүнөзү жана маданий коду менен тыгыз байланыштуу.
Оюндардын контекстинде ал күчтү, ар-намысты, урматтоону жана ички тең салмактуулукту — спортко да, көчмөн маданиятынын философиясына да жакын болгон сапаттарды чагылдырат.
«Ак илбирс — күч менен урматтоо айкалышкан жана каада-салттары дүйнөгө ачык болгон Кыргызстандын образы. Бул тумар аркылуу биз 2026-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын рухун — ар-намысты, тең салмактуулукту жана кызматташууга ачык болууну бергибиз келди», — деп айтылат билдирүүдө.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (ДКО) Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт.