Кыргызстандын аймагында 27-апрель саат 10:00гө карата 13 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
СOVID-19 инфекциясынын жаңы жуктургандар төмөнкү аймактардан катталды: Бишкек ш. – 6, Ош ш. – 1, Ош облусу — 1, Чуй облусу – 2, Нарын облусу — 1, Ысык-Көл облусу — 2.
Кыргызстанда коронавирус жуктургандар жалпы саны 695ге жетти.