«Баатыр эне» энелердин балдарына ЖОЖдордо окуу үчүн 50% жеңилдик берүү сунушталууда

13.04.2026 | 12:02

Кыргызстанда «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин балдары үчүн окууга жеңилдик киргизүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоорун парламент депутаттары демилгелешти.

Демилгеге ылайык, көп балалуу энелердин балдарына ЖОЖдордо контракттык негизде окуу үчүн 50 пайыздык жеңилдик берүү пландалууда. Жеңилдик биринчи жогорку билим алууда колдонулуп, менчигинин түрүнө карабастан бардык жогорку окуу жайларга тиешелүү болот.

Демилгечилердин айтымында, бул чара көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоого жана билим алууга тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоого багытталган. Депутаттар белгилегендей, мындай наамга татыган энелер өлкөнүн демографиялык өнүгүшүнө жана жаш муунду тарбиялоого чоң салым кошууда.

Талкуу учурунда келтирилген маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда «Баатыр эне» статусуна ээ болгон 31 миңден ашуун аял бар. Ошол эле учурда алар үчүн каралган социалдык төлөмдөр салыштырмалуу аз бойдон калууда, бул алардын балдарын кошумча колдоонун актуалдуулугун көрсөтөт.

Күтүлгөндөй, мындай жеңилдикти киргизүү көп балалуу үй-бүлөлөрдүн каржылык жүгүн азайтып, жогорку билимдин жеткиликтүүлүгүн жогорулатат жана узак мөөнөттүү келечекте квалификациялуу адистерди даярдоого өбөлгө түзөт.

Ошол эле учурда документтин негиздеме-аныктамасында демилгени каржылоо механизми кошумча иштеп чыгууну талап кылаары белгиленген. Тактап айтканда, республикалык бюджетке кошумча жүк түшүрбөө үчүн жеңилдикти бюджеттен тышкаркы жана гранттык каражаттардын эсебинен ишке ашыруу варианты каралууда.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети тиешелүү токтом долбоорун биринчи окууда жактырды.

Scroll to Top