Бакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — Кулов
Саясатчы Феликс Кулов социалдык тармактагы баракчасында экс-президент Курманбек Бакиев менен түзүлгөн келишимди жарыялады: президенттик шайлоодон талапкерлигин алып салуунун ордуна Кулов премьер-министрлик кызматты алмак.
Белгилей кетсек, документке Кулов менен Бакиевден тышкары, кепил катары Жогорку Кеңештин төрагасы жана сот бийлигинин башчылары кол коюшкан.
Кулов документ “Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлердин ортосундагы “Алардын талапкерлигин көрсөтүү жана шайлоо өнөктүгүнө катышуудан баш тартуу учурундагы шарттар жана милдеттенмелер жөнүндө” келишим” деп аталарын белгиледи.
«Келишимде, эгерде Бакиев президенттик кызматка шайланса, ал мени премьер-министрлик кызматка дайындай турганы, ал эми мен бул кызматты ал президент болуп турган мөөнөткө чейин аркалай турганым каралган пункт бар болчу. Келишимдеги бул сөздөрдү Бакиев өз колу менен чийип салган», — деп жазды Кулов.


Ал кызматка жабышпагандыктан буга каршы болбогонун, коомдо бөлүнүп-жарылууга жол бербөө зарылчылыгынан улам гана тандемге макул болгонун баса белгилеп, буга такыр өкүнбөй турганын кошумчалады.
Эскерте кетсек, Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун саясий тандеми 2005-жылдын май айында, “Жоогазын революциясынан” көп өтпөй эле түзүлгөн. Бул биримдиктин негизги максаты – бийлик алмашкандан кийинки туруксуздук шарттарында аймактык жана саясий тирешүүгө жол бербөө үчүн Түндүктүн (Куловдун өкүлчүлүгүндө) жана Түштүктүн (Бакиевдин өкүлчүлүгүндө) күчтөрүн бириктирүү болгон.
Тандем коомду тынчтандырып, оппозициянын эки лидеринин ортосунда катуу атаандаштык жаратпастан, президенттик шайлоонун тынч өтүшүнө кепилдик бериши керек болчу.
Феликс Кулов ыйгарым укуктары кеңейтилген премьер-министрликке дайындалуу кепилдигинин ордуна Бакиевди колдоп, президенттик шайлоого талапкер катары катышуудан баш тарткан. Кийинчерээк Бакиев бул биримдикке Куловдун өзүнүн демилгеси менен макул болгонун айткан.
Тандем иш жүзүндө 2007-жылдын башында, Куловдун өкмөтү отставкага кеткенден жана андан кийинки саясатчылардын ортосундагы чыр-чатактан кийин ыдыраган.