Кыргызстандын аймагында 28-апрель саат 10:00гө карата 13 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
СOVID-19 инфекциясынын жаңы жуктургандар төмөнкү аймактардан катталды: Бишкек ш. – 3
Чуй облусу – 6
Нарын облусу — 2
Жалал-Абад облусу — 2.
Кыргызстанда коронавирус жуктургандар жалпы саны 708ге жетти.