Түндө Новопавловка айылында турак үй өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт кечээ, 1-июнда саат 23.00дөр чамасында Фрунзе көчөсүндө болгон. Анда 150 чарчы метр болгон турак үй күйүп кеткен.
Өрттүн себебин такталууда. Жабыркагандар катталган эмес.