Оштун Ак-Буура дарыясынан 18 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маркумдун дарыяга түшүп кеткени тууралуу кабар куткаруу кызматына 7-июнь күнү кечке маал түшкөн.
Издөө иштерине тартылган куткаруучулар 8-июнь күнү 05:30 чамасында баланын сөөгүн суудан чыгарышып, туугандарына тапшырышкан.