Ноокаттагы суу сактагычка 55 жаштагы адам чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун Ноокат районундагы Найман суу сактагычына кечээ, 23-июнда 55 жаштагы киши чөгүп кеткен. Аны издөөгө куткаруучулар тартылып, бирок таба алышкан эмес.
Издөө иштери бүгүн да уланууда.