март айынан 2-июлга чейин коронавируска анализи таза чыгып, бирок өпкөсүнөн кагынып невмониядан каза тапкан бейтаптардын саны 97ге жетти. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.
Ал эми пневмония жуктуруп алган бейтаптардын саны – 1247. Алардын 112си реанимацияда жатат. Оор абалдагылардын жалпы саны 337 адам.
Бардыгы болуп пневмония 1971 бейтаптан аныкталган, алардын ичинен айыккандардын саны 627 адам.
29-июнь күнү саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов март айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин 54 адам пневманиядан каза тапканын брифинг учурунда айткан.
29-июндан 2-июлга чейин бул оорудан каза болгон жаңы 43 учур катталган.