Бишкектеги күндүзгү стационарда ыктыярчы болуп иштеп жаткан студент кыздын өлүмү боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги жооп берди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 5-курстагы студентти аталган стационарда өз каалоосу менен медайым болуп иштеп жаткан.
«13-июль күнү саат 19:45те абалы начарлап, калтырап-титирей баштаган. Жандандыруу аракетинен майнап чыкпай, бейтап 20:45те каза болуп калган. Чогуу иштеген кесиптештерине ден солугунун начар экенин айткан эмес», — деп жазылат министрликтин маалыматындда.
Алдын ала маалыматтарга караганда ал эки тараптуу пневмониядан улам каза тапкан. Так диагноз соттук медициналык экспертизадан кийин белгилүү болот деп билдирди министрликтен.