Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Чоң Чүй каналына түшүп кеткен эки адамдын сөөгүн издеп жатышат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлайт.
Алардын бири 44 жаштагы адам 15-июль күнү Бишкектин Биринчи Май районундагы Патриса Лумумбы көчөсүндөгү ЧЧКга түшүп кеткен. Издөө иштерине куткаруучулар тартылып, бирок табылган эмес. 17-июль күнү иш-чаралар улантылат.
Изделип жаткандардын экинчиси 41 жашагы адам 13-июль күнү Чүй районунун Алга айылындагы ЧЧКга түшүп кекен. Издөөитери улантылууда.