Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгынан тестиер бала каза болуп, беш адам жаракат алды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 27-август күнү саат 09:30дар чамасында болгон. Анда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жеңил автоунаа каршы тилкеге чыгып, кичи автобус менен сүзүшүп алган. Анын кесепетинен кичи автобуста бара жаткан 9 жашар бала каза болуп, дагы 4 жүргүнчүсү жаракат алган.
Жеңил автоунаанын айдоочусу жаракат алып, ооруканага түшкөн.
[su_image_carousel source=»media: 39237,39236″ crop=»none» autoplay=»4″]