Бишкек шаарында батир өрттөнүп эки адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 27-августта саат 07:50лөр чамасында Биринчи-Май районунун Токтоналиев көчөсүндөгү батирлердин биринен чыккан. Тилсиз жоодон 90 жаштагы аял жана 88 жаштагы киши жабыркаган. Алар түтүнгө ууланып калышкан.
Учурда өрттүн себептери такталууда.