Бүгүн, 28-августта Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Жунус уулу Алтынбек жана «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Данияр Төлөновдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
Эки депутат мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылышкан.
Бул депутаттар 7-чакырылыштагы парламенттик шайлоого аттанышты. Акыркы үч-төрт айда парламенттин он чакты депутаты кийинки чакырылышка ат салышуу үчүн мөөнөтүн аяктабай эле мандатын тапшырды.