Президент Сооронбай Жээнбеков Кубатбек Бороновдун премьер-министрликтен кетүү тууралуу арызына кол койду.
Президенттин расмий сайтына бүгүн, 9-октябрдагы жарыяланган маалыматка ылайык, өлкө башчы Кубатбек Бороновдун премьер-министрликтен алуу менен өкмөт мүчөлөрүн отставкага кетирди.
Жарлык кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирет.
Буга чейин 6-октябрда Бишкектеги “Достук” мейманканасына чогулган Жогорку Кеңештин 62 депутаты өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровдун талапкерлигин жактыргандыгы айтылган.
Мындай чечимди өлкөдөгү айрым саясий күчтөр тааныбай тургандыктарын жарыялашкан.