Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчиси болуп Сагынбек Абдылдаев дайындалган. Ал буга чейин аталган мекемеде орун басарлык милдетти аркалап келген.
Аталган буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.
Сагынбек Абдылдаев Токонович 1969-жылы 26-январда туулган. КУУну аяктаган, жогорку экономикалык билимге ээ.
Эмгек жолу:
1989 — КРдин Куралдуу күчтөрүнүн офицери, Афганистанда кызмат өтөгөн;
1995 — КР президентинин алдындагы күзөт башкармалыгынын офицери;
2002 — Каржы министрлигинин алдындагы мамлекеттик бажы инспекция башкармалыгынын башчысы;
2002-2007 — Улуттук коопсуздук органдарында башкармалык жетекчиси;
2008 — Өкмөттүн алдындагы Финансы полиция бөлүмүнүн башчысы;
2010-2011 — Финполдун Салык жана бажы кылмыштарына каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;
2012-2014 — Финполдо башкармалык жетекчиси;
2015-2016 — Финполдо Чүй облусу боюнча башкармалыктын жетекчиси;
2016-2018 — Экономикалык кылмыш менен күрөш кызматынын ыкчам иштер бөлүмүнүн жетекчиси;
2018-жылдын 28-сентябрында Финполдун жетекчисинин орун басары болуп дайындалган.