Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-октябрда кызматтан кеткени президенттин расмий сайтында кабарланды.
Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө Конституциялык мыйзамдын 48-беренесине ылайык, иштеп жаткан президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып бир жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат жана шайлоо иштеп жаткан президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өткөрүлүшү керек. Бул учурда ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген шайлоо иш аракеттеринин мөөнөттөрү чейрекке кыскартылат.
Эгерде Жогорку Кеңеш президентти шайлоону же мөөнөтүнөн мурда шайлоону ушул берененин бир жана экинчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө дайындабаган учурда, президентти шайлоо же мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган болуп эсептелет. Мындай учурларда шайлоону дайындоонун мөөнөтү аяктаган күндөн кийинки күн шайлоонун дайындалган күнү болуп эсептелет.
Борбордук шайлоо комиссиясы ушул берененин үчүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыкканда, шайлоону өткөрүү күнү дайындалган болуп эсептелгенден тартып эки календардык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарына президентти шайлоону же мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүнүн күнүн расмий жарыялайт жана ушул конституциялык мыйзамда белгиленген мөөнөттө шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурат.