Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруу вице-мэр Алмаз Бакетаевге жүктөлдү. Бул тууралуу Reporter.kg′ге калаа башчысынын кеңешчиси Гуля Алмамбетова билдирди.
Белгилей кетсек, 20-октябрда Бишкектин мэри Азиз Суракматов кызматтан кетип жатканын жана биринчи вице-мэр болуп дайындалган Нариман Түлеев мэрдин милдетин аткарарын жарыялаган.
21-октябрда Нариман Тулеевди биринчи-вице мэр болуп дайындалышына каршы болгондор жана Тулеевди колдогондор митингге чыккан.
22-октябрда шаар башкармалыгынын маалымат кызматы Нариман Тулеевдин кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганы боюнча маалымат таратты.