Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровго таандык делген компаниянын ири суммада салык төлөбөй жүргөнүн аныкташты.
Финансы полициясы билдиргендей, Ысык-Ата районунда жайгашкан “МИС” компаниясы 90 миллион сом салык төлөөдөн качып келген.
Териштирүүнүн жүрүшүндө компаниянын соода жана айыл чарба тармагына тиешелүү 30га жакын объекти бар экени аныкталган. Мындан сырткары компания университет, жеке мектеп, дүкөн, дарыкана, кампа жана цехтерге ижарага имарат берип келген.
Компаниянын акционерлери катары “ EURASIA CAPITAL LIMITED” деп аталган оффшордук компания жана Ж.А.Б. аттуу кыргыз жараны көрсөтүлгөн. Акыркы инициал Акылбек Жапарводун жубайы Жапарова Анара Барктабасовага туура келет жана ал компанияга ээлик кылары ачык булактарда көрсөтүлгөн.