Милиция кызматкеринин формасын кийип, «Асанбай» сейил багында уктап жатканда тартылган адамдын сүрөтү боюнча Октябрь райондук милициясы иликтөө башталганын билдирди.
Азыркы тапта, сүрөттөгү кызматкердин ким экендиги жана анын иштеген жери такталып жатканы айтылат.
Белгилей кетсек, 9-ноябрь күнү журналист Улукбек Бабакулов милициянын формасын кийип сейил бакта уктап жаткан адамдын сүрөтүн Facebook баракчасына жарыялаган.